Шашылыш бара жаткан өрт өчүрүүчү унаа аласалып кетти (ВИДЕО)

Шашылыш бара жаткан өрт өчүрүүчү унаа аласалып кетти (ВИДЕО)

Кечээ, 24-апрелде саат 20.00 чамасында Биринчи май районунун Ак-Босого жаңы конушунун Чүй-6 көчөсүндө жайгашкан турак жай өрттөнүп жаткандыгы тууралуу чакыруу түшкөн. Кырсык катталган жерге Свердлов районунун №2 өрт-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам куткаруучулар дароо чыгышкан. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, өрт чыккан дарекке шашылыш чыккан өрт өчүрүүчү эсептик бөлүмүнүн атайын унаасы «Mitsubishi Galant» жеңил унаа менен кагылышып кырсыкка кабылды.

Адистештирилген өрт өчүрүүчү автоунааны атайын үн сигналы жана жаркыраган маяк менен айдап бара жаткан айдоочу жол бербеген жеңил унаа менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен атайын өрт өчүрүүчү унаасы капталына аласалып, үч өрт өчүрүүчү куткаруучу жабыркаган. Жардам көрсөтүү үчүн “Тез жардам” кызматы келип, медициналык кароодон өткөрүүгө №4-шаардык ооруканага алып кетишкен. Медициналык кароодо жеңил жаракат алган жыйынтык менен үйлөрүнө жиберилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>