Салык кызматы маркетплейстерде соода жүргүзүү үчүн электрондук эсеп-фактуралардын атайын форматын киргиздиБишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт
Кыргызстанда 200 миң бай бар. Аларга салык көбөйдү
27.10.2021 | 15:09
Кыргызстанда 200 миң бай жаран бар. 1 миллионго жакыны орточо жашаса, 200 миңи жакыр жашайт. Мындай эсепти Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте айтты.
Анын айтуусунда, орто жашаган катмар бирдиктүү салык төлөшөт. Ал эми байлар көбөйтүлгөн салык төгүшөт. Кымбат жана жаңы унаалары, курулуштарына чейин салык жогорулайт. Бул салыктан түшкөн каражаттын эсебинен жакыр жашаган 200 миң үй-бүлө менен 200 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген жаран менен жетим-жесирлер багылат.
Жогорку Кеңеш 2022-жылдын бюджет долбоорун карап жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика