Балыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылдыСалык кызматы: Кыргызстанда патенттик система боюнча иштөөнүн жаңы эрежелери бекитилдиVI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын датасы аныкталды
Депутат Малиев вице-спикер Сыдыгалиевге нааразы болду
26.01.2022 | 10:35
Жогорку Кеңештин депутаты Аслан Малиев парламенттин жалпы жыйынында спикер Талант Мамытовго кайрылып, вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин жыйынды алып баруусунда өз билемдик менен мыйзамды бузуп алып барып жатканына токтолду.
“Урматтуу төрага, Нурбек Сыдыгалиев жыйындын бир бөлүгүн алып барды эле… Бирок, мыйзамды каалагандай одоно бузуп, алып барды. Кааласа 10 секунд убакыт берет, кааласа 20 секунд убакыт берет, кааласа оюн айтып алсын деп жаап салат, кааласа оюн айтып алсын деп чексиз берет, кааласа такыр бербей коёт. Ошол үчүн протоколдук тапшырма катары регламент комитетине берип койсоңуз… Жыйынтыгын айтып койсун”– деди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат