Москвада темир жол бекетте жашаган сегиз кыргызстандык табылды

Москвада темир жол бекетте жашаган сегиз кыргызстандык табылды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Москванын темир жол бекеттеринен туруктуу жашаган жери жок сегиз кыргызстандыкты табышкан.

24-25-январда дипломатиялык кызматтын өкүлдөрү оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Павелецкий, Казан, Курский, Ярославский, Ленинградский темир жол бекеттерине барышты.

Казанский жана Павелецкий темир жол бекеттеринен туруктуу жашаган жери жок 8 Кыргызстандын жараны аныкталды.

Төрт кыргызстандык консулдук жардамдан баш тартышкан.

Алардын экөө мекенге кайтуу тууралуу күбөлүк алып, кыргыз диаспоралык бирикмелеринин жардамы менен Кыргызстанга авиабилет сатып алышты.

Бир жаранга кийин ишке орношуу менен паспорт алууга жардам берилет.

Мындай иш-чаралар Орусиянын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында туруктуу негизде өткөрүлүп турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>