Улуттук Банк миң тонна алтынды сактай турган чоң кампага ээ болду — президентАлдын ала көзөмөл: Кыргызстанда баңгизаттарды эрте аныктоо системасы ишке киргизилдиМыйзамга кол коюлду. 2026-жылдан тартып көп балалуу энелерге бир жолку жөлөкпул берилетОш жана Кашкар шаарлары боордоштук тууралуу келишимге кол коюштуУлуттук банк инфляцияны басаңдатуу үчүн эсептик ченди 10%га чейин жогорулаттыАйыл чарба министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырды
ИИМ Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюс» гезитин соттон утуп алды
31.10.2019 | 12:42
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюс» гезитине каршы “кадыр-баркыма шек келтирди” деген доо арыз менен Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылган.
Аталган сот Жунушалиевдин арызын канааттандырып, гезитти 1 миллион сом айып пул төлөп берүүгө милденттендирди. Мындай чечимди ишти караган райондук соттун судьясы Тынара Абдиева чыгарды. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.
Эскерте кетсек, Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде чыккан №16 жана 16-майда жарык көргөн №19 сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. Ал «гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деп, гезиттен 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат