Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Күйүүчү май маселесин чечүүгө өлкө бюджетинен 2 млрд сом бөлүнөт
24.03.2022 | 16:12
Күйүүчү-майлоочу май маселесин чечүү үчүн республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта министрлер кабинетинин антикризистик чаралар боюнча өтүп жаткан жыйынында Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, каражат нефтетрейдерлерге күйүүчү май сатып алуу үчүн берилет. Бул боюнча кыска мөөнөттүү ссуда бөлүү чечими кабыл алынган.
“Бүгүнкү күндө республиканы күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу коркунучу бар. Ошондон улам алдын алуу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө”,- деди Бакетаев.
Белгилей кетсек, министрлер кабинети 126 млрд сомдон ашуун каражатка антикризистик иш-чаралар планын бекитти.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика