Төө-Моюнда медициналык жардам жакшыртылды: жаңы тез жардам унаасы жана санариптик флюорографМуратбек Азымбакиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалдыБишкектеги «Көк-Сай» курулуш базарында чыккан өрт толук өчүрүлдү7-августка карата аба ырайынын божомолуСадыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштадыӨзбекстан Борбордук Азиянын туристтик рыногунда сап башына чыкты — изилдөө
Күйүүчү май маселесин чечүүгө өлкө бюджетинен 2 млрд сом бөлүнөт
24.03.2022 | 16:12
Күйүүчү-майлоочу май маселесин чечүү үчүн республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта министрлер кабинетинин антикризистик чаралар боюнча өтүп жаткан жыйынында Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, каражат нефтетрейдерлерге күйүүчү май сатып алуу үчүн берилет. Бул боюнча кыска мөөнөттүү ссуда бөлүү чечими кабыл алынган.
“Бүгүнкү күндө республиканы күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу коркунучу бар. Ошондон улам алдын алуу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө”,- деди Бакетаев.
Белгилей кетсек, министрлер кабинети 126 млрд сомдон ашуун каражатка антикризистик иш-чаралар планын бекитти.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика