Экс-муфтий Максат ажы Токтомушевдин ишин тергөө уланууда

Экс-муфтий Максат ажы Токтомушевдин ишин тергөө уланууда

Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушевдин ишин тергөө уланууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин окурман Токтомушевге козголгон иш жабылдыбы деген суроо менен биздин басылмага кайрылган.

— УКМК Муфтияттын башкы эсепчиси Ж.Б.га карата сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканын билдирди. Мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча: «Иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги боюнча төгүндөлгүс далилдер табылган, ошондой эле зыяратчылардын ажылык сапарга баруу үчүн кошкон акча каражаттарын колдонууга байланышкан каржылык мыйзам бузуулар болгон. Алынган далилдердин негизинде 2021-жылдын 10-февралында экс-муфтий кармалып, УКМКнын СИЗОсуна камалган».

— ЖМКлар үй камагында экенин жазып чыгышкан, бирок 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Reporter.kgге экс-муфтийдин эч жакка чыкпоо боюнча милдеттемеси бар экенин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>