Түштүк Кореянын мурдагы президенти абактан кийин мекенине кайтып келди

Түштүк Кореянын мурдагы президенти абактан кийин мекенине кайтып келди

Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе абактан чыккандан соң бейтапканадан үч айдан кийин ооруканадан чыкты. Бул туурасында  Reuters агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 70 жаштагы Пак Кын Хе  Самсунг жана Лотте компанияларынын жетекчилери да катышкан жаңжалдан улам Конституциялык сот тарабынан импичмент жарыялагандан соң, өлкөнүн демократиялык жол менен шайланган биринчи лидери болуп калды.

Түштүк Кореянын биринчи аял президенти коррупция боюнча айыпталгандан кийин дээрлик беш жыл абакта отурган.

«Президент катары мен өлкө, эл үчүн талыкпай иштөөгө аракет кылдым, бирок аткарыла элек максаттар, кыялдар көп. Бирок бул милдеттер азыр башкаларга жүктөлдү. Таланттуу адамдар өнүгүүгө салым кошушу үчүн колдоо көрсөтөм. Менин туулган шаарым Тэгу” деди.

Ошондой эле  Пак жүздөгөн колдоочуларына кайрылып, саясий күрөшкө кайтууну каалабай турганын белгиледи.

Рейтер агенттиги белгилегендей, экс-президент трибунада сүйлөп баштагандан кийин ага белгисиз нерсе ыргытылган.

Белгилей кетсек, Пак президенттик шайлоодон бир нече күн өткөндөн кийин бошотулуп, аны консерваторлордун талапкери Юн Сук Ёл жеңген.

Түштүк Кореянын кызматтан кетип жаткан президенти Мун Чжэ Ин декабрда Пакка ден соолугунун начарлашына байланыштуу атайын кечирим берген.

Пакка 2017-жылдын мартынан бери импичмент жарыяланып, кызматтан алынгандан кийин 22 жылдык абак жазасын өтөп жаткан. Ал коррупция боюнча айыпталып, 2018-жылы апрелде абакка кесилген. Пак Кын Хе адегенде 33 жылга эркинен ажыратылып, 20 миллиард вон (16 млн доллардан ашык) айыпка жыгылган, бирок кийинчерээк Жогорку сот айып пулду жана жазаны коррупция үчүн 15 жылга, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу үчүн дагы беш жылга кыскарткан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>