Беловодское айылында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып 150 түп дарак тигилдиБекешев Жогорку Кеңештеги кадрдык дайындоолорго УКМКнын кийлигишүүсү тууралуу айттыБайтик айылынан «Ала-Арча» паркына чейин веложол курулуудаКытайлык компаниялар Кыргызстандын курулуш тармагына инвестиция салууга кызыкдар11-класстын бүтүрүүчүлөрү коллеждерге тапшыруу үчүн ЖРТдан өтүшү керекДастан Бекешев дипломаттарды ротациялоодо окуу жылын эске алууну сунуштады
Кыргызстандык жүргүнчүлөр үчүн Орусия чектөөлөрүн алды
05.05.2022 | 13:47
16-майдан тарта Кыргызстандын жарандарына Орусиянын аймагына киришине коюлган чектөөлөр алынат. Бул туурасында Министрлер кабинетинен билдирди.
Маалыматка караганда, кыргыз жарандарынын Орусияга кирүүгө, ошондой эле орус жарандарынын Кыргызстанга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып салынды.
Тиешелүү чечимди эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен Орусиянын Өкмөтү кабыл алды.
Белгилей кетсек, бул маселе 2022-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунда талкууланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат