Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы,   Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын Өкмөттүк делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев коңшу мамлекеттер менен чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул туурасында Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, жыйынга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын Өкмөттүк делегациясынын туруктуу мүчөлөрү катышты.

Жыйында кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, Өкмөттүк делегация Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш жүргүзүлөт, атап айтканда, коңшу мамлекеттердин делегациялары менен сүйлөшүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргызстандын Өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>