Банктардын кассаларында жана акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсунун төмөндөшү байкалууда.
Алсак, америкалык валютанын сатып алуу курсу 81-82,87 сомду, сатуу 81,5-83,87 сомду түзүүдө.
Белгилей кетсек, доллардын Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курсу 80,2775 сомду түзөт.