Караколдо күйөөсү кордогон Айзат милицияга арыз жазды

Караколдо күйөөсү кордогон Айзат милицияга арыз жазды

Каракол шаарында күйөөсү ур-токмокко алган Айзат Үсөнбаева милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сотко чейинки өндүрүш иштери ооруканадан түшкөн маалымат боюнча жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн  жүрүшүндө жабырлануучу арыз менен кайрылган.

“Бизге эки маалымат келип түшкөн. Бири ооруканадан жана жабырлануучунун өзүнөн. Мындан улам кылмыш иши козголуп, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө”, — деп билдиришти милициядан.

Буга чейин маалымдалгандай, 14-майда күйөөсүнөн жабыркаган 38 жаштагы келин оор абалда ооруканага жаткырылган.

Териштирүү иштеринде аялды 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Жабырлануучуга коргоо ордери берилип, күйөөсүнө карата 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш-иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Кийинчерээк Айзат Үсөнбаеванын сабалышы тууралуу укук коргоочу, активист Камиль Рузиев кабарлаган соң, акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү жабырлануучу менен жолуккан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>