ЕККУнун саммити учурунда 4 миңден ашык милиционер иштейт

ЕККУнун саммити учурунда 4 миңден ашык милиционер иштейт

Евразиялык экономикалык форуму, Евразиялык экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин башчыларынын расмий сапарлары болгон маалда коопсуздукту камсыздоо үчүн ички иштер органдарынын баардык түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-28-май күндөрү коопсуздукту камсыздоого 4 миңден ашык милиция кызматкери жана 200дөн ашык унаа чыгат.

Евразиялык экономикалык форумуна даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо, мыйзамдуулукту сактоо, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо максатында саммит маалында милициянын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипке өткөрүлүүдө.

Өтө турган иш-чаралардын маанилүү экенине байланыштуу, Ички иштер министрлиги шаар тургундары менен конокторун өткөрүлүп жаткан иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылып, айдоочулук маданиятты жана эрежелерди сактап, белгиленбеген жерге унааларды токтотпоого жана көзөмөлсүз калтырбоого, жол тыгындары жана башка жол кыймылынын
катышуучуларына ыңгайсыздык болбошу үчүн карама-каршы тилкеге чыкпоону, мерчемделген жактарга тыгында же жолдо калбаш үчүн эрте чыгууну, жүктөр болсо иш-чара өткөн күндөрдөн башка күндөрү ташып алууну, жол жээктеринде соода сатыктарды токтотууну суранат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: саммит

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>