Ош облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталдыДастан Бекешев кыймылсыз мүлк менен болгон келишимдерге өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү сунуштадыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөтЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырды
Банктарда долларды 79,5 сомдон сатуу уланууда
07.06.2022 | 11:25
6-июнда Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары банктар аралык валюта аукциондорунда 4 миллион 400 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынын сайтында маалымдалды.
Бул сумма бүтүм жасалган күндөн башка күнгө эсептешүү менен сатылып алынган.
Соодалардын ачылышы жана жабылышы доллардын баасы 79,5 сомдон болду. Америка валютасынын бул курсу 2-июндан бери кармалып турат.
Белгилей кетсек, мындан бир жума мурун, 31-майда аукциондо 7 миллион 400 миң доллар ачылыш курсу 81,52 сом менен сатылып алынган, жабылуу курсу 79,5 сомду түзгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика