Телефондук алдамчыларды кантип билсе болот? Милициянын эскертүүсү  

Телефондук алдамчыларды кантип билсе болот? Милициянын эскертүүсү  

Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери уюлдук телефон шылуундардын курмандыгынан 13 жаран жабыркады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы мезгилде алдамчылыктын көп кездешчү түрлөрүнүн бири – уюлдук телефон жана интернет аркылуу алдамчылык болуп жатат. Тактап айтканда, жыл башынан бери уюлдук телефон шылуундардын курмандыгынан жабыркаган 13 жаран милицияга кайрылган. Анын ичинен 4 учурунун бети ачылган. Бүгүнкү күндө, ачылбаган 9 кылмыш иши боюнча кылмышкерлерди аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мына ушундай, уюлдук телефон шылуундардын курмандыгына кабылбаш үчүн, Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы, бул кылмыш түрүнүн эң кеңири тараган ыкмаларын, жарандардын эсине салат.

Телефон менен алдоо:

Сизге белгисиз номурдан телефон чалып, бир тууганыңыз кырсыка учурап, аны милициядан бошотуу үчүн пара беришиңизди айтышат. Эсиңизде болсун, сиз алдамчы менен сүйлөшүп жатасыз!

Лотореядан утуп алуу:

Сизге чоң утуш жөнүндө уюлдук телефон аркылуу чалышат, же SMS жиберишип, утушту алуу үчүн, салык төлөөнү өтүнүшөт. Бул алдамчылардын амалы.

Интернет тармактагы алдамчылык:

Товарды алуудан, кызмат көрсөтүүдөн, же жумуш табууга жардам берүүдөн мурун алдын ала төлөм жүргүзүү керек болгон интернет тармактарга ишенбеңиз. Онлайн банкинг эсебиңизге кирүү үчүн эч качан сырсөзүңүздү бербеңиз.

Банк картасын бөгөттөө:

Банк картасын бөгөттөө тууралуу уюлдук телефон аркылуу келген билдирүү — алдамчылардын негизги ыкмалардын бири. Акча каражаттарыңызды жоготуп албаш үчүн, алар жакынкы банкоматка барып, бардык акча каражатыңызды жаңы эсепке которууну суранышат. Мындай учурда акча каражаттарыңыз алдамчылардын эсебине түшөт!

Ар бир адам алдамчылардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Шылуундар ар дайым жаңы алдоонун ыкмаларын ойлоп табышат, алардын ар биринин аягы бир – жаран өз акчасын жоготот. Өзүңүздү шылуундардан коргоо абдан оңой. Сиз негизги эрежелерди эсиңиздерден чыгарбашыңыздар керек:

— Кырсыкка имиш кабылган танышыңыздын туугандарына, же алардын досторуна сөзсүз кайра чалыңыз;

— Башка банктык эсептерге жана тааныш эмес уюлдук телефон номерлерине акча каражаттарын которбоңуз;

— Бейтаныш жана чочун адамдарга экспресс төлөм картаңыздын кодун айтпаңыз;

— Байге алуу үчүн бейтааныш адамдардын көрсөтмөсү боюнча “атайын коддорду” киргизбеңиз;

— Кандай учур болбосун, алдамчылык фактысын милицияга билдириңиз.

Негизинен, шылуундар башка аймактардан телефон чалышкандыктан, аларга тактоо суроолорду берүү, сизди алдамчылыктын амалдарына түшүп калбоого жардам берет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: алдамчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>