Нарында 7 баланы жалгыз тарбиялаган энеге үй белек кылышты

Нарында 7 баланы жалгыз тарбиялаган энеге үй белек кылышты

Нарын шаарында 7 баланы жалгыз тарбиялап келген энеге жергиликтүү тургундар 4 бөлмөлүү турак үй белек кылышты. Бул тууралуу Reporter.kg′ге Нарын шаарынын тургуну Чолпонбек Самудинов билдирди.

Анын айтымында, мындай демилгени 4-5-июнь күндөрү өткөн кичи футбол боюнча турнирдин катышуучулары көтөрүшкөн.

“Биз 2017-жылдан бери жаз жана күз айларында муундар аралык кичи футбол боюнча “Нарын Ынтымагы” аттуу турнир өткөрүп келебиз. Быйыл 1978-1988 жана 1998-жылкы тургундар арасында мелдеш өтүп, анын алкагында уюштуруучулар кайрымдуулук кылууну демилгелешти. Биз каражат топтоп, Нарындагы аз камсыз болгон, 7 баланы жалгыз тарбиялап келген энеге турак үй белек кылдык. Анын эки баласы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана алар батирде жашап келишкен”, —  деди Чолпонбек Самудинов.

Ал эми уюштуруучулардын бири Жоодарбек Сарымбетовдун айтымында, турнирдин алкагындагы кайрымдуулук иштер былтыр башталган.

“Аз камсыз болгон үй-бүлөгө жашаганга шарттары бар чакан турак үй алып бердик. Ага турнирдин катышуучулары чогулткан каражаттан жалпы 900 миң сом жумшалды. Андан тышкары турнирди уюштурууга жана кубокторду сатып алууга 400 миң сом кетти. Былтыр өткөн турнирде 1987-жылкылар кайрымдуулук иштерин баштап кетишкен, быйыл биз аны уланттык.  Турнирди өткөрүү эстафетасын 1979-1989 жана 1999-жылкыларга өткөрүп бердик”, — деди Ж.Сарымбетов.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>