Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Кытайлык компания Бишкекке электр автобустарын алып келүүгө даяр
27.06.2022 | 11:17
Кытайлык компания Бишкекке электр автобустарын алып келүүгө даяр. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттиги Кытайдын электр автобустарын чыгарган заводунун өкүлү болгон Amir Group компаниясы менен жолугушуу өткөрдү.
Мэрия кошумчалагандай, компаниянын өкүлдөрү электр автобустары сапаттуу чогултулат деп ишендиришти. Мындан тышкары, алар эскирип, колдонууга жараксыз болгондо, компания келечекте аларды утилизациялоо үчүн төлөп берүүгө даяр.
«Тараптар өз ара пайдалуу кызматташуунун жолдорун талкуулашты. Жыйынтыгында электр автобустарын жеткирүү шарттары боюнча кеңейтилген маалымат берүү боюнча макулдашууга жетишилди», – деп билдиришти мэриядан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом