Милиция Аламүдүн дарыясынын жээгинен табылган сөөктүн өздүгүн тактоого жардам сурайт — сүрөт

Милиция Аламүдүн дарыясынын жээгинен табылган сөөктүн өздүгүн тактоого жардам сурайт — сүрөт

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 21-июнда Чыгыш автобекетинин жанынан сөөгү табылган адамдын өздүгүн тактоого жардам сурап жатышат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Аламүдүн дарыясынын жээгинде, Төрөкул Айтматов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинен 30-40 жаштар чамасындагы европа улутундагы адамдын зомбулуктан каза болгондугунун белгилери жок сөөгү табылган.

Белгилери: бою 175-180 сантиметр, арык денелүү, кыска кызыл чачтуу.

Айырмалоочу белгилери: сол бутта манжалардын учу жок, тизеден жогору беш чекит түрүндөгү татуировка. Ал кызыл футболка, кочкул жашыл свитер, боз шым, көк түстөгү Adidas кроссовкасын кийип жүргөн», — деп айтылат маалыматта.

Милиция сүрөттөгү адамды тааныгандар төмөнкү телефондор аркылуу кабарлоону суранат: 0704300843, 0776171515, 0702498888.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>