Депутаттар «Баатыр энелердин» балдарына билим берүү жеңилдиктерин берүүнү жактырыштыКурорттук Кыргызстан: Советтер союзунан калган мурастан заманбап wellness-экономикага«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү көбөйдүЖогорку Кеңеште жасалма интеллектти колдонгон коомдук кабыл алуу бөлүмү иштей баштадыОшто Увам каналы тазаланып, жээги тосулуудаБишкекте киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү чаралары талкууланды
Бишкек мэриясы ишкерликти колдоо программасын иштеп чыкты
13.07.2022 | 14:15
Бишкек шаарынын мэриясы 2022-2024-жылдарга бизнести колдоо программасын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул ишкердикти өнүктүрүү жана ишкердик активдүүлүктү жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.
Муниципалитет программанын максаттарына жетүү үчүн бир нече милдеттерди чечүү керектигин белгиледи:
- ишкердик жигердүүлүктү өнүктүрүү жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин экономиканын байкалбаган секторунан чыгуусу үчүн шарттарды түзүү;
- бизнести колдоо маселелерин укуктук жөнгө салууну жакшыртууга көмөк көрсөтүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен борбордун ишкерлеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу.
«Программа Бишкек шаарынын бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен ишке ашырылууда», – деп кошумчалашты мэриядан.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика