Кийими табылган: Нарында карыяны издөө убактылуу токтотулду

Кийими табылган: Нарында карыяны издөө убактылуу токтотулду

Нарында 80 жаштагы карыяны издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 29-июнунан тартып дайынсыз жок болуп жаткан Нарын шаарынын 80 жаштагы Т.Ж. аттуу тургунун 9-июлга чейинки издөө иштеринен натыйжа болбогондугуна байланыштуу убактылуу токтотулган.

Анын себеби, жайдын аптабында күн ысып, “Нарын” дарыясынын суусу кирип, издөөгө мүмкүн эмес жагдай жаралган.  Ошондой болсо да көзөмөлгө алынып, дарыяга жакын жайгашкан айылдардын башчыларына суудан адамдын сөөгү табылып калса кабарлоо керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Буга чейин 80 жаштагы карыя үйүнөн кечинде чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегендиги маалымдалган. Аны издөө учурунда кийимдери “Нарын” дарыясынын жээгинен табылган.

Мындан улам ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын Нарын шаардык жана райондук ӨК бөлүмдөрүнүн куткаруучулары жана туугандары менен биргеликте бир нече топторго бөлүнүп дарыя жээктеп батышты карай издөө иштерин жүргүзүп келишкен.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Нарын

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>