Быйыл айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары көбөйдү
2022-жылы айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 1 миллион 200 миң гектардан ашты, бул мурунку жылга салыштырмалуу 0,2 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өсүш, арпанын айдоо аянттары 7,1 %, пахтанын – 12,5 % жана тоют өсүмдүктөрүнүн 1,1 % көбөйүшү менен камсыздалды, Мындан тышкары, май өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары 4,5 %, тамеки 6,5 % жана жашылча 1,9 % көбөйгөн.
Ошону менен катар буудайдын айдоо аянттары 6,7%, дан буурчактар – 5,9 %, бахча өсүмдүктөрү – 2,7 %, кант кызылча – 11,3%, күрүч – 6,2 %, ошондой эле картошка – 0,9% пайызга кыскаргандыгы байкалган.

Айдоо аянттарынын эң көп үлүшү Чүй облусунун чарбаларына туура келет – 33,9 %, Ысык-Көл – 15 %, Ош – 14,7 %, Жалал-Абад – 12,9 % жана Нарын облусу – 9,1 %.
