Быйыл айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары көбөйдү

Быйыл айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары көбөйдү

2022-жылы айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 1 миллион 200 миң гектардан ашты, бул мурунку жылга салыштырмалуу 0,2 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өсүш,  арпанын айдоо аянттары 7,1 %, пахтанын — 12,5 % жана тоют   өсүмдүктөрүнүн  1,1 % көбөйүшү менен камсыздалды,  Мындан тышкары, май өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары 4,5 %, тамеки 6,5 % жана жашылча 1,9 % көбөйгөн.

Ошону менен катар буудайдын айдоо аянттары 6,7%, дан буурчактар — 5,9 %, бахча өсүмдүктөрү — 2,7 %, кант кызылча — 11,3%, күрүч — 6,2 %, ошондой эле картошка — 0,9% пайызга кыскаргандыгы байкалган.

 

Айдоо аянттарынын эң көп үлүшү Чүй облусунун чарбаларына туура келет — 33,9 %, Ысык-Көл — 15 %, Ош — 14,7 %, Жалал-Абад — 12,9 % жана Нарын облусу — 9,1 %.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>