Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Президенттердин жолугушуусу. Коопсуздукту миңден ашык милиция камсыздайт
18.07.2022 | 17:14
Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин Ысык-Көлдө боло турган жолугушуусунун коопсуздугун миңден ашык милиция кызматкерлери камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов маалымат жыйында билдирди.
Белгилей кетсек, 20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтөт.
Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чарага ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын да өздүк курамы толугу менен тартылып, күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом