Кыргызстанга коруктарга жана жаратылыш парктарга заманбап өткөрүү пункттары курулатСоң-Көл көлүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик торлор чыгарылдыКыргыз мамлекеттик спорт академиясы масштабдуу түрдө реконструкцияланатСадыр Жапаров Ош шаарында МИКтин жаңы турак жай комплекстерин ачтыБишкектеги «Алтай» шаарчасынын курулушу кандай жүрүүдөАнвар Анарбаев Кыргызстандын Вьетнамдагы элчиси болуп дайындалды
Баткенде турак жай кооперативдерине алдангандар милицияга кайрылды
18.07.2022 | 17:25
Баткен облусунда турак жай кооперативдерине алданган жарандар милицияга кайрылууда, деп билдирди Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, “S-line”, “Ихсан групп ЛТД” жана “Биринчи турак жай” сыяктуу турак жай кооперативдерине көп сандаган жарандар алданган. Арасында Баткен облусунун тургундары да жок эмес.
“Учурда жогорудагы алданууларга Баткен облусу боюнча 10го жакын жарандар арыз менен облустун аймактарындагы ички иштер бөлүмдөрүнө кайрылууда. Бирок мындай кооперативдер улам жаңы ат менен пайда болуп, калың элге жарнамаланып, кеңири жайылтууда. Ошондуктан ар бир жаранды так болууга, каржылык сабатын жогорулатууга, жеңил жана тез баюу убадаларына ишенбөөгө чакырабыз”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар