Абактарда Нельсон Манделанын туулган күнү белгиленди

22.07.2022 | 14:39

Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринде Нельсон Манделанын эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында лекциялар, концерттер, поэзия окуулары жана спорттук мелдештер өткөрүлдү.  Аларга кызматкерлер да, соттолгондор да катышты.

Түштүк Африканы демократиялаштыруу үчүн күрөшүүчү 1918-жылы 18-июлда туулган.  Бул дата БУУнун Башкы ассамблеясынын демилгеси менен 2010-жылдан бери дүйнө жүзүндө кеңири белгиленип келет.  Бүткүл өмүрүн өнүгүүгө жана эркиндикке арнаган зор эмгегин дүйнөлүк коомчулук терең урматтоо менен баалап келет.

Мандела туткундуктун баасын өзгөчө жакшы билген – анткени ал 27 жыл катары менен саясий туткун катары темир тор артында отурган!  Ал 1990-жылы гана бошотулуп, үч жылдан кийин Нельсонго Нобель Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.  Бир аз убакыт өткөндөн кийин, ал Түштүк Африканын биринчи жергиликтүү президенти болуп шайланган.

2013-жылы Йоханнесбургдун четиндеги үйүндө 95 жашында каза болгон Манделанын тагдырын ар дайым эстеп турушат.

[image_carousel source=”media: 145193,145194,145195,145196,145197″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Рубрики: Коом
Scroll to Top