Кыргызстанда «Үй бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандардын саны азайды

Кыргызстанда «Үй бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандардын саны азайды

Кыргызстанда «Үй бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандардын саны азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин жыйынында белгилүү болду.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул алуучулардын саны 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,1 пайызга азайып, 345,8 миң адамды түздү.

Ошол эле учурда жөлөк пулдун өзү 810 сомдон 1200 сомго чейин көбөйгөн.

«Жалпысынан республика боюнча орточо пособие 35,5 пайызга өсүп, 1343,3 сомду түздү», — деп белгилейт Эмгек министрлиги.

Алар кошумчалагандай, муктаждыкты жоюуга 1-январдан тарта жөлөк пул алуучулар үчүн электр энергиясынын тарифин 1 киловатт-саатка 50 тыйынга чейин төмөндөтүп, айына 700 киловатт-саатка чейин керектөө олуттуу колдоо көрсөткөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>