Азербайжандын жараны жасалма акча сатып жатканда кармалды

Азербайжандын жараны жасалма акча сатып жатканда кармалды

Азербайжандын жараны жасалма акча сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан терроризмге жана ички жашыруун терроризмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын аймагында Эл аралык террордук уюмду каржылоо үчүн ири өлчөмдөгү жасалма чет элдик акча каражаттарын сатып жаткан жашыруун кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 21-июлда 3800 АКШ доллары өлчөмүндөгү чет элдик валютадагы жасалма акчаны сатуу учурунда Азербайжандын жараны М.Ш.Г. кармалды. Убактылуу жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда 17400 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акча каражаты табылып алынды.

Учурда М.Ш.Г. УКМКнын тергөө камак жайына жайгаштырылып, бул кылмышка тиешеси барлардын бардыгын аныктоо боюнча тиешелүү издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>