Кыргызстанда август айында дизель майынын орточо баасы 71 сомдон ашты. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Ай башынан бери дизель майы 3,3% кымбаттады. Алсак, айдын башында күйүүчү май 70,53 сом болсо, 19-августта баалар 72,87 сомго көтөрүлгөн.
Ошол эле учурда дизель отунун эң жогорку баасы Исфана жана Баткен шаарларында катталды – литрине 77,63 сом жана 77,65 сом.
Кошумчалай кетсек, 24-августка карата «Роснефть» дизель майын 72,20 сомдон, «Бишкек петролеум» 73,60 сомдон сатып жатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда