Кыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салдыДарыканаларда мыйзамсыз ташылып келген дарылар сатылган: эки жаран кармалдыЧүй районунда 202 гектар аянтка өнөр жай аймагы түзүлөтБишкекте КММАнын студентинин сөөгү табылды. Ал буга чейин изделип жаткан8-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу
24 күндүн ичинде дизель отуну 3,3%га кымбаттады
24.08.2022 | 19:11
Кыргызстанда август айында дизель майынын орточо баасы 71 сомдон ашты. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Ай башынан бери дизель майы 3,3% кымбаттады. Алсак, айдын башында күйүүчү май 70,53 сом болсо, 19-августта баалар 72,87 сомго көтөрүлгөн.
Ошол эле учурда дизель отунун эң жогорку баасы Исфана жана Баткен шаарларында катталды – литрине 77,63 сом жана 77,65 сом.
Кошумчалай кетсек, 24-августка карата “Роснефть” дизель майын 72,20 сомдон, “Бишкек петролеум” 73,60 сомдон сатып жатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика