Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулдуМедер Машиев жаратылыш ресурстары министри кызматынан бошотулдуАбсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулдуУКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков кармалганы тастыкталдыКыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров ачык Европа Кубогунда алтын медаль жеңдиКара-Сууда акча коюп, короз уруштургандар кармалды
Камактагы активист Адилет Балтабайдын соту жылдырылды
13.09.2022 | 15:05
Бүгүн, 13-сентябрда Биринчи май райондук сотунда камактагы активист Адилет Али Мыктыбектин (Адилет Балтабай) иши боюнча отурум болгон жок. Бул тууралуу Reporter.kg’ге жактоочу Нурбек Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, сотко күбөлөр менен эксперттер келбегендиктен жыйын 22-сентябрга жылдырылган.
Эскерте кетсек, Адилет Балтабайга (Адилет Али Мыктыбек) «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Учурда ал тергөө абагында камакта отурат.
2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, ага айыбы угузулган. Өткөн аптада ал коомчулукка кат жолдоп, күч структуралары сөз эркиндигине тоталитардык режимдин кысымын көрсөтүп жатканын билдирген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом