Каракчылар эки кытай жарандын үйүнөн акчасын алып кетишкен

Каракчылар эки кытай жарандын үйүнөн акчасын алып кетишкен

Кара-Суу районунда изи суй электе каракчылык фактысы менен 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүүлөр 11-сентябрда Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кармалды.

Алар – Өзбекстандын жарандары, Ош шаарынын убактылуу жашоочулары 25 жаштагы М.А., 29 жаштагы А.С., жана Кара-Суу районунун убактылуу жашоочусу 25 жаштагы Н.М., экендиги аныкталган. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факты Кара-Суу РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-берененин негизинде (Каракчылык) кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Алар 11-сентябрда саат 07:00 чамасында Кара-Суу шаарынын убактылуу жашоочулары Кытай Эл Республикасынын жарандары 1997-жылы туулган Л. Ц., жана 1991-жылы туулган Л. Ж., жашап жаткан батирге бет капчан бычак жана куралдар менен киршип, 1500 АКШ долларын жана 50 000 сом каражатын алып чыгып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Учурда кылмышка шектүүлөр мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө. Тергөө ууланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>