Камактагы активист Адилет Балтабай коомчулукка кат жолдоду

Камактагы активист Адилет Балтабай коомчулукка кат жолдоду

Камактагы активист Адилет Али Мыктыбек (Адилет Балтабай) кыргызстандыктарга кат жолдоду.

Активист катында аны колдоп жаткан ар бир жаранга ыраазычылык билдирген.

«Урматтуу туугандар, жарандык коомчулук, активисттер, саясатчылар, журналисттер, сиздердин ар бириңиздердин сотко келип, мени колдоо менен кошо, сөз эркиндигин, адилеттүүлүктү, калыстыкты колдоп жатканыңыздарга ыраазымын!

Биз өзүбүздү эркин өлкөнүн эркин жаранындай, мыйзамдуу укуктарыбызды колдонуп, мамлекет алдындагы милдетибизди түшүнгөн инсан катары алып жүргөнбүз. Тилекке каршы күч структуралары сөз эркиндигине тоталитардык режимдин кысымын көрсөтүүдө.

Ишенемин, мага ар бириңиздердин урааныңыз да, карааныңыз да акыры жеңишибизге чоң салым болоруна… Ак ийилет, бирок сынбайт!», — деп жазылган анын катында.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабайга (Адилет Али Мыктыбек) «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Учурда ал тергөө абагында камакта отурат.

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча Биринчи май райондук сотунда биринчи отурум өткөн. Анда ага айыбы угузулган. Келерки соттук жыйын 13-сентябрга белгиленген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>