Кыздар кыска кийинип, педофилдерди провокация кылууда, — депутат

Кыздар кыска кийинип, педофилдерди провокация кылууда, — депутат

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракет боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Кадамжай районундагы 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматын угушту.

Жыйында депутат Акбөкөн Таштанбеков айрым мектеп окуучу кыздар өтө кыска юбка кийип жүргөнүн айтып, муну көзөмөлдөө керектигин белгиледи.

“Интернетте зордук-зомбулук көп, мунун баарын жаштар көрүп жатат. Кээ бир окуучу кыздар өтө эле кыска кийип жүрүшөт. Алар педофилдерди провокация кылууда. Балким жөнөкөй адам өтүп баратса, байкабайт. Бирок, педофил байкап калып, аркасынан түшүп жатпайбы.

Ошон үчүн укук коргоо органдары ата-энелер менен тыгыз иштеши керек. Бир гана мыйзам эмес, жалпы коом бул көйгөй менен күрөшүшү зарыл. Участкалык кызматкерлер бир жумада бир жолу мектепке барып окуучулардын формасына көз салып турушу керек”, — деди депутат.

Буга чейин Кадамжайда 5-сентябрда киши колдуу болгон өспүрүм кыздын сөөгү табылганы маалымдалган. Ал 14 жаштагы Халмион айыл аймагынын  тургуну экени аныкталган. Кылмышка шектүу делип, аталган айыл аймактын 3 жашоочусу кармалган. Төрт күндөн кийин аталган кылмышка шектүү делип, өспүрүм жигит да кармалган.

Окуя боюнча маркум кыздын жакындары дагы үн каткан. Президент Садыр Жапаров дагы кайрылуу жасап, 14 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүргөн кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш экенин айтып, ишти жеке козөмөлүнө алганын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>