Кытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылатОш – Кашкар багыты боюнча түз авиакаттам ачылдыКыргызстандын агроэкспортунун үлүшү бир жылда 8,8%дан 13,3%га өстү
Түркия: Кыргыз улакчыларынын финалдагы салымдары – видео
03.10.2022 | 01:22
Түркияда өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы жеңүүчү болду.
Финалдык оюнда алар Казакстандын улакчыларын жеңип алды. Оюн эки бөлүккө гана созулду.
Оюндун экинчи бөлүгүндө Кыргызстан 5:0 эсебинде алдыга чыккан. Андан кийин үчүнчү бөлүктө казакстандык көк бөрүчүлөр улак тартышка чыкпай койгон. Жыйынтыгында жеңиш Кыргызстандын курамасына берилген.
Белгилей кетсек, көк бөрүдөн тышкары IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча да мелдеш болгон. Анда Казакстандын курамасы жеңишке жетти. Кыргызстан күмүш байге алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз