Кыргызстанда кымыз өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү каралууда«Чалдыбар» өткөрмө бекети 2027-жылдын аягына чейин жабылатКыргызстанда халал продукцияны QR-код жана сертификат менен сатуу сунушталуудаАйыл чарба техникасын лизингге берүүгө 45 млн доллар инвестициялык кредит тартылдыБишкекте Чүй көчөсүнүн Ак-Босого конушундагы оңдолгон бөлүгү ачылдыЧет өлкөдө издөөдө жүргөн 184 адам кармалып, 132си Кыргызстанга кайтарылды — ИИМ
Түркия: Кыргыз улакчыларынын финалдагы салымдары – видео
03.10.2022 | 01:22
Түркияда өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы жеңүүчү болду.
Финалдык оюнда алар Казакстандын улакчыларын жеңип алды. Оюн эки бөлүккө гана созулду.
Оюндун экинчи бөлүгүндө Кыргызстан 5:0 эсебинде алдыга чыккан. Андан кийин үчүнчү бөлүктө казакстандык көк бөрүчүлөр улак тартышка чыкпай койгон. Жыйынтыгында жеңиш Кыргызстандын курамасына берилген.
Белгилей кетсек, көк бөрүдөн тышкары IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча да мелдеш болгон. Анда Казакстандын курамасы жеңишке жетти. Кыргызстан күмүш байге алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз