V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт — сүрөт

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт — сүрөт

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлиги билдирди.

Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземи болуп өтүп, анда Түркия аталган оюндарды өткөрүү эстафетасын Казакстанга өткөрүп берген. Эстафетаны Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаев Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглудан кабыл алды.

Эскерте кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрда башталып, 2-октябрда жыйынтыкталды.

Ага чейинки (2014, 2016 жана 2018-жылдары) Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын Ысык-Көл болусунда өткөрүлгөн. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги ири долбоору.

2018-жылы оюндарды өткөрүү укугу Түркияга берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>