Манас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөтЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырдыБишкекте 5 миң жумуш орду сунушталган кесиптер жарманкеси өтөтЫсык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылдыОшто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылдыЭки күн ичүүчү суусуз: Бишкекте 21- жана 22-апрелде пландык өчүрүүлөр болот
Мектеп директорлорунун сынагы: Баткенде 22 талапкер тандалды
16.12.2022 | 09:00
15-декабрда Баткен облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөө өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, сынакка катышуу үчүн 89 адам документ жиберип, анын 68и компьютердик тестирлөөгө катышуу укугун алган.
Тестирлөөгө жалпы 66 талапкер катышып, экөө тестке келген эмес.
60 пайыздык босого чектен 26 адам өтүп, 22си жеңүүчү деп табылган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом