Ыштан улам кандай оорулар көбөйдү? Министрликтин жообу

Ыштан улам кандай оорулар көбөйдү? Министрликтин жообу

Жогорку Кеңештин 15-декабрындагы жыйынында депутат Таалайбек Масабиров («Ата-Журт») абанын булганышынын натыйжасында кандай оорулар пайда болорун сурады.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева акыркы 2-3 жылда анализ жүргүзгөнү боюнча билдирди.

«14 жашка чейинки балдар арасында аллергиялык оорулар 2,1%га, бронхиалдык астма 1,7%га өскөн. Ал эми чоңдор арасында: рак оорулары 1,1%, бронх-өпкө оорулары 1,3%, ошондой эле чоңдор арасында аллергиялык ринит, өнөкөт ларингит оорулары катталган», — деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары.

Эл өкүлү буга чейин аллергия деген түшүнүк болбогонун кошумчалады.

«Бул улуттук трагедия. Түтүн баарын оорутуп жатат. Бул маселени тез арада чечишибиз керек», — деди Масабиров.

Буга чейин Каржы министрлиги Бишкекте абанын булганышын же ыш маселесин чечүү үчүн Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын маалымдаган.

Абанын булганышы менен башка өлкөлөр кантип күрөшүүдө?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: оору ыш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>