Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясын түзүү долбоору башталдыКРде жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыгат2026-жылдын биринчи жарымында өлкөгө 709,9 млн доллар инвестиция тартылган7-ноябрда өлкөдө күн ачык жана жылуу болот«Бул сыйлык меники эле эмес» — Зухра Шидакова Достук ордени жөнүндөАрабаев атындагы КМУда заманбап журналистиканын көйгөйлөрү боюнча конференция өттү
Мектеп директорлорунун сынагы: Баткенде 22 талапкер тандалды
16.12.2022 | 09:00
15-декабрда Баткен облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөө өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, сынакка катышуу үчүн 89 адам документ жиберип, анын 68и компьютердик тестирлөөгө катышуу укугун алган.
Тестирлөөгө жалпы 66 талапкер катышып, экөө тестке келген эмес.
60 пайыздык босого чектен 26 адам өтүп, 22си жеңүүчү деп табылган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом