Бишкекте төрөлгөн үч эм төрөт үйүнөн чыгарылды – сүрөт

30.12.2022 | 12:35

Бишкекте төрөлгөн үч эм төрөт үйүнөн чыгарылды.

Мэриядан билдиришкендей, Исаков Оскар Төлөгөновичтин үй-бүлөсүндө ушул жылдын 20-декабрында үч эм төрөлгөн.

“Балдардын атын Нурбакыт, Нурмахаммед жана Нурсултан коюшкан.  Эненин жана балдардын ден соолугу канааттандырарлык абалда”, – деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев  жаңы төрөлгөн ымыркайларды  көрүп, төрөт үйүнөн чыгарышты.

Алар Исаковдун үй-бүлөсүнө чың ден-соолук, бакыт-таалай, ал эми балдарына бактылуу балалык каалап, белектерди тапшырышты.

[image_carousel source=”media: 171683,171682,171681″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top