Жаңы жыл түнү кар жаайбы? 3-январга чейинки аба ырайы

Жаңы жыл түнү кар жаайбы? 3-январга чейинки аба ырайы

Гидрометеорология кызматы Кыргыстандын аймагында 3-январга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу:

31-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 2-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-январда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары:

31-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 1-январда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, күндүз кар жаашы мүмкүн.

2-3-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусу:

31-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

2-3-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ош облусу:

31-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 1-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

2-3-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу:

31-декабрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

1-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

2-3 январларда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Баткен облусу:

31-декабрда жана 1-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 1-январда күндүз жана 2-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-январда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу:

31-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-декабрда күндүз жана 1-январда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

2-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

3-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Нарын облусу:

31-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-декабрда күндүз жана 1-январда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.

2-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>