«Манас» аэропортунда 5 миллионунчу жүргүнчүгө 100 миң сом берилди

«Манас» аэропортунда 5 миллионунчу жүргүнчүгө 100 миң сом берилди

«Манас» эл аралык аэропорту 29-декабрда биринчи жолу 5 миллионунчу жүргүнчүсүн тейледи. Бул тууралуу аталган ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Юбилейлик жүргүнчү деп Иркутск шаарынан «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын каттамы менен келген жаран табылды.

Бул маанилүү  жетишкендикти белгилөө үчүн «Манас 2» аэробекеттик комплексинде салтанаттуу иш-чара өттү. 5-миллионунчу жүргүнчүнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров, «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы-Башкы директору Манасбек Самидинов, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын өкүлдөрү тосуп алышты.

«МЭА» ААКнын жетекчиси Манасбек Самидинов 5 миллионунчу жүргүнчүнү тосуп алуу — ишкананын жаңы жетишкендиктерине карай чоң кадам экенин баса белгиледи: «Кыргызстандын жарандык авиациясынындагы бүгүнкү ийгилик Жаңы жылдын алдында белгиленип жатканы бекер эмес болсо керек. Мен ишенем, биз пландап жаткан бардык ой-максаттарыбыз 2023-жылы ишке ашып, биз жакшы жыйынтырга бирге жетебиз!»

Жүргүнчүлөр үчүн күтүүсүз болгон иш-чаранын алкагында ийгилик Абай кызы Наркизага жылмайып, ал 5 миллионунчү жүргүнчү аталды.

Манасбек Самидинов аталган жүргүнчүгө «МЭА» ААКнын корпоративдик белектерин жана 100 миң сомдук сертификат тапшырды.

Абай кызы Наркизага «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын жана «МЭА» ААКнын туунду ишканаларынын өкүлдөрү да баалуу белектерин тапшырышты.

«Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын коммерциялык директору Мээрим Садыкова 5 миллионунчу жүргүнчүгө 2 акысыз билет тапшырды.

«Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКсы жүргүнчүгө аэропорттун VIP-залында акысыз тейленүү мүмкүнчүлүгүн белек катары тартуулады.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>