Бишкекте төрөлгөн үч эм төрөт үйүнөн чыгарылды — сүрөт

Бишкекте төрөлгөн үч эм төрөт үйүнөн чыгарылды — сүрөт

Бишкекте төрөлгөн үч эм төрөт үйүнөн чыгарылды.

Мэриядан билдиришкендей, Исаков Оскар Төлөгөновичтин үй-бүлөсүндө ушул жылдын 20-декабрында үч эм төрөлгөн.

“Балдардын атын Нурбакыт, Нурмахаммед жана Нурсултан коюшкан.  Эненин жана балдардын ден соолугу канааттандырарлык абалда”, — деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев  жаңы төрөлгөн ымыркайларды  көрүп, төрөт үйүнөн чыгарышты.

Алар Исаковдун үй-бүлөсүнө чың ден-соолук, бакыт-таалай, ал эми балдарына бактылуу балалык каалап, белектерди тапшырышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>