Бишкекте үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом берилди – сүрөт
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, калаа башчысы үй-бүлөнү куттуктап, 90 миң сомдук сертификат жана азык-түлүк куржунун тапшырды.
Эске салсак, 20-декабрда Нурзида Садырбаева Нурбакыт, Нурмухамет, Нурсултан аттуу үч эмдерди жарык дүйнөгө алып келген. Үй-бүлөдө жети бала бар – 6 уул, 1 кыз.
[image_carousel source=”media: 173319,173320,173321,173322,173323,173324″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Ленин районунун акими Русланбек Тагаев ымыркайларды төрөт үйүнөн чыгарышкан.
Алар Исаковдун үй-бүлөсүнө каалоо-тилек айтып, белектерин беришкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз