Бишкекте үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом берилди — сүрөт

Бишкекте үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом берилди — сүрөт

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, калаа башчысы үй-бүлөнү куттуктап, 90 миң сомдук сертификат жана азык-түлүк куржунун тапшырды.

Эске салсак, 20-декабрда Нурзида Садырбаева Нурбакыт, Нурмухамет, Нурсултан аттуу үч эмдерди жарык дүйнөгө алып келген. Үй-бүлөдө жети бала бар – 6 уул, 1 кыз.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Ленин районунун акими Русланбек Тагаев ымыркайларды  төрөт үйүнөн чыгарышкан.

Алар Исаковдун үй-бүлөсүнө каалоо-тилек айтып, белектерин беришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>