Кыргызстандын кайсы аймагында жумушсуздар көп? Статистика
Быйылкы жылдын 1-январына карата жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 98,8 миң адамды түздү, бул 2022-жылдын ушул эле датасына салыштырмалуу 0,6%га аз. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.
Ведомствонун маалыматына караганда катталган жумушсуздардын саны 74,7 миң адамга же 1,7%га азайган.
Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,3%ы аялдар. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,8 пайызды түздү.
Аймактар боюнча катталган жумушсуздардын саны
– Жалал-Абад облусунда 19,74 миң
– Ош облусунда 17,56 миң
– Баткен облусунда 13,49 миң
– Бишкек шаарында 6,27 миң
– Чүй облусунда 5,16 миң
– Ысык-Көл обулсунда 3,73 миң
– Талас облусунда 3,19 миң
– Ош шаарында 3,07 миң
– Нарын облусунда 2,48 миң.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз