Жээнбек Кулубаев Британиянын ханзаадасы менен кыргыз-британ кызматташтыгын талкууладыБишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт26-февраль: Өлкөдө жаан, кар жаайт«Сөзсүз эле үнүмдү көтөрүшүм керекпи?»: Эрулан Кокулов Тоң районундагы ооруканада ызы-чуу чыгардыМанас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталдыЖанар Акаев эртең мененки рейддер салтын улантып, Оштун көчөлөрүндө тартип орнотууну тапшырды
Шайлоо: Беш облуста мандат үчүн ат салышкан аялдардын саны айтылды
23.03.2023 | 12:14
Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, 14 айылдык кеңештеги мандаттардын жалпы саны 254 болсо, анын ичинен 97 мандат шайлоо округдары боюнча аялдарга калтырылган.
14 айылдык кеңешке жалпысынан 493 талапкер көрсөтүлсө, анын 174ү аялдар. 470 талапкер катталса, анын 164ү аялдар.
Айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо 9-апрелде өтөт.
Буга чейин президент Садыр Жапаров «Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгону маалымдалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом