Пакистандын жараны мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелүүдө

Пакистандын жараны мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелүүдө

Бишкекте алдамчылыкка жана мыйзамсыз миграция уюштурууга шектүү Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-мартта милицияга Пакистандын С.М. аттуу жараны кайрылган. Ал билдиргендей, А. аттуу чала тааныш адам былтыр декабрь айында Кыргызстанга виза алууга жана айлыгы 500 доллар, жашаган жери жана тамак-ашы каралган жумушка (кыш чыгарган заводго) орноштурууга жардам берүүнү убада кылып, 4 миң доллар алып, алдап кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 168-беренеси (мыйзамсыз миграция уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кылмышка шектүү катары 21 жаштагы А.А. аттуу Пакистандын жаранын кармаган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>