Орточо айлык менен 10, 15 жана 20 миң долларлык унаага канча жыл акча топтоо керекКыргызстанда балдардын канындагы коргошунду аныктоо үчүн лаборатория ишке киргизилет«Торт» менен «ханбийкесиз»: КР колуктулары кайсы көйнөктү тандашат?Базар-Коргондо алдыдагы жылдары 2 млрд сомго жакын жаңы долбоорлор ишке ашырылатАвгустта Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү $269,6 млн түздүМинистрлик: Кыргызстанда тогуз айда 23 эне өлүмү катталды
Садыр Жапаров Кытайга барат
23.03.2023 | 11:57
2023-жылдын май айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапар менен барары күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь билдирди.
Анын айтымында, Садыр Жапаров Кытай-Борбор Азия механизминин биринчи саммитине катышат. Ошол эле учурда анын президент болуп дайындалгандан берки Кытайга биринчи мамлекеттик сапары болмокчу.
“Биз бул сапарга чоң маани беребиз. Азыр эки тарап тең иш-чарага кызуу даярдык көрүүдө. Ал чоң ийгиликтер менен аяктап, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенебиз. Биз Кытай менен Кыргызстандын жалпы коомчулугун курууда жаңы кадам таштайбыз”, – деп жыйынтыктады Ду Дэвэнь.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом